Далдада калган даткайым: Зыйнат датканын ордо иштерине аралашуусу

Мезгил

(уландысы)

Зыйнат датканын ордо иштерине аралашуусу

Токтоназардын Зыйнат деген кызы абасы Аспердинин колунда тарбияланган эле. Зыйнат кичинесинен эле сергек, тиричиликке чыйрак, акыл-эстүү, аң-сезимдүү, жашынан сабаты ачылган, зээндүү, апасы Акбалага окшогон айчырайлуу, кыргыз мүчөлүү, жаштарга (курбуларына) оюн-шоок уюштурган ышкылуу бийкеч эле. Көзгө көрүнүктүү, көңүлгө токтомдуу болуп, ордону чарк айланып, майда-чүйдө болсо да маанилүү иштерин өтөп жүргөн Зыйнат эже бойго жетти. Ордодо бийлик арасында жүргөн, Асперди менен санаалаш, Чаткалда туулуп-өскөн Мусулманкул деген кишинин колунда өскөн жээни Ысман деген жигитке турмушка чыкты, андан бир кыздуу болгондон кийин бир каргашалуу чатакта Ысман кайтыш болуп, Зыйнат эже кызын кучактап жесир калды.

 Ордодо хан алмашты. Оморхандын ордуна уулу Мадали хан келди. Зыйнат эже ишин уланта берди. Эмгегинин үзүрүн көрүп, кадыр-баркы өсө баштады. Келген меймандарга ылайыктуу шарттарын түзүп, аларды тейлештирүү ошол кишинин көзөмөлүндө болуп, хан менен түзмө-түз кеңешээр эле, хан да ал кишиге ишенич көрсөтөөр эле. Кокон ордосуна аппак болгон кыргыздын боз үйлөрү тигилип тураар эле.

Кийинки мезгилдерде жашы отуздун тегерегиндеги Алымбек ордого келип калат. Аны менен кошо келген келинчеги Курманжан Зыйнат менен санаалаш, пикирлеш болуп ордо үчүн ополтоодой иштерди уюштурчу болушат. Кыргыз үйлөрдү көркүнө чыгара Алайдан бери чогултулган дүнүйөлөр менен кыргыз буюмдары менен жабдап, иштерман уз кыз-келиндерди узантышкан.

Ордонун сыртын боз үйлөргө курчоо менен эле чектелбестен, барган адамдарга бул Кокон – кыргыз хандыгынын ордосу экендигин көрсөтүшөт. Зыйнат, Курманжан эжелердин жаш айырмасы он жылча болгон болсо да санаалаш, сырдаш достордой, ынтымак-ызаатташкан бир тууган эже-сиңдидей болушкан.

Датка даражасын алышы

Аткарган иштери менен көрүнүп жүрүп, акырындык менен бийликке аралашып Шералы хандын заманында даткайым наамы ыйгарылган. Кыргыз аялдарынан биринчи болуп даткалыкка жеткен Зыйнат эжебиз болгон. Ал заман кыргыз дүйнөсү бардык жерде өтө исламдашкан, жашоо эрежелери жалаң гана шарыят менен болуп калган кез болучу. Айрыкча аялдардын укугу, теңдиги, эрки тебеленип, башкарууга катышмак тургай баш көтөрүп басканы айыпталчу. Ошондой оор мезгилдин жүгүн көтөрүп, эл башкарган Зыйнат даткайымдын жоруктарынан сөз кылалы.

Далдада калган даткайым: Шералынын үйлөнүшү. Соноайым, Жаркынайым баяны

Даткайым тоолуктарга айрыкча көңүл бөлчү экен. Бугулардын Буйлаш бийи чоң бий болгон. Карамагында он эки кичи бийлер болгон. Бир жылы кургакчылык болуп жайлоодон мал арык келип сатыкка өтпөй хандын салыгынан кутула албай калышат. Кудаяр хандын бийлигинин алгачкы жылдары экен, салыкчылары каарданышып, Буйлаштын өзүн баш кылып он үч кишини Коконго айдап барышыптыр. Күндүзү иштетип, түнкүсүн тамга камап коюшат. “Элиңер салыкты алып келишип, силерди алып кетишсин” деп чыгарбай коюшат.

Ошол кезде Арстанбек жаңыдан ырдап жүргөн кези экен. Атасынын айдалып кеткенине намыстанып издеп чыгып Кокон шаарына келет. Алгач Абдрахман менен таанышат, ал аркылуу Зыйнатка, Жаркынайга жолугуп, ырдап учурашып, абдан ыраазы кылат. Андан кийин Кудаярханга жолугуп, булбулдай сайрап ырдайт. Кудаярхан Арстанбектин ырдаганына таң калып, “сен жөн эле сайраган булбул турбайсыңбы” деп баа берет. Ошондон кийин Арстанбек булбул атанып калат.

Даткайым Буйлашты бийлерден бөлүп, шартын түзүп коёт. Арстанбек эки айча ордодогулардын моокумун кандыра ырдап берет. Зыйнат даткайым хан менен сүйлөшүп, салыкты күзгүгө дайындап коюшса, салыкчылар барса эле алып келишине макулдашып, он үч бийди бошотуп жиберет. Арстанбек бул окуясын дайыма ырдачу экен. Таластык Өмөке ырчы Арстанбектин казалы деп узакка айтчу экен.

Жакшы менен бир жүрсөң,

 Соода болот Даткайым.

Жамандарды жолотпо,

Коога болот Даткайым.

Ак сарайга байлаган,

Аркардай көзү жайнаган.

Ак боз ат кимдин малы экен,

Далайды сындап тандаган,

Даарып жигит барбаган,

Даткайым кимдин жары экен.

Эл арасында сакталып калган бул ыр Арстанбектин ордодогу казалынан үзүндү сыяктуу сезилет. Зыйнат даткайым дагы жамактап ырдачу экен. Күйөө баласы Шералы хан, сиңдиси Жаркынайым кайтыш болушканда сайсөөктү сыздаткан кошокторду айтып, уккан элди жашыткан экен.

Кудаярхан дагы Таласта чоңоюп өскөндүктөн, комузду жакшы чертчү экен, атасы Шералы хан комузду дагы, кошуп ырдаганды дагы өздөштүргөн киши болгон. Булардын чөйрөсү ошондой өнөргө жакын болушкандыктан, Арстанбектин өнөрүн бийик баалап, каалоосун аткарып жөнөтүшкөн.

(уландысы бар)

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *