Дамира НИЯЗАЛИЕВА, мурдагы саламаттыкты сактоо министри: “Испанка ылаңынын” экинчи, үчүнчү толкуну биринчисинен да катаал болгонун унутпайлы”

  Мезгил

–Дамира айым, таажы ылаңынын экинчи толкуну да күзгө карай башталаары каңкуланууда. Үрөй учурган мындай жагымсыз маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар?

Пандемия учурда бүтүндөй дүйнө жүзүн дүңгүрөтүп, адамзаттын үрөйүн учуруп турган учур. 8 айдан бери таажы ылаңынын абдан жугуштуу жана коркунучтуу экенине баарыбыз күбө болдук. Тилеке каршы, бир топ жарандар ишенбей, “саясаттын “сасык оюну” дегенге да жетишишти. Май айынан  баштап элибиз “грипптей эле турбайбы” деп баардык коргонуу принциптерин сактабай, мурунку адаттагыдай эле жашоого кирип кетишти. Кандай болгон күндө да мындай өтө белгилүү эмес инфекциянын башка өлкөлөргө тийгизген кесепетин көргөндөн кийин катуу дайындалсак болмок… Тилеке каршы, саламаттыкты сактоо системасы эпидемиологиялык кырдаалды туура баалап, керектүү денгээлде күрөшүү жана туруштук берүүгө саясат иштеп чыга алган жок. Азыркы жазап аткан иштерди апрель, май айларында жазашса, мүмкүн таажы ылаңынын терс кесепети мынчалык болмок эмес. Ал эми дүйнө жүзүндөгү окумуштуулар аты жаман ылаңдын экинчи толкунунун болушун байма-бай айтып атышат. 1918-жылы “Испанка ылаңы” миллиондогон адамдардын өмүрүн алып кеткен. Ошондо экинчи жана үчүнчү толкуну биринчисинен да катаал болгонун тарых айтууда. “Жаман айтпай жакшы жок” дегендей, эми биз мындан да катаал, курч жагдайга дайын болушубуз абзел.

Болоору болду, боесу канды”, тажрыйбалуу инсан катары азыркыдай абалдан тез арада чыгуу боюнча бийликке кандай сунуштарды айтат элеңиз?

–Сунушубузга көңүл бурулса жакшы да. Эмесе төмөнкүдөй сунуштарымды жолдой кетейин:

А) Медициналык кадрларды дайындоо, санына дагы, сапатына дагы өзгөчө көңүл буруу. Ак халатчандарыбыздын иштери абдан кооптуу болгон үчүн алардын маянасын кескин түрдө көтөрүү керек. Ошондой эле аларга “соцпакет” берүү абзел. Мисалы, турак жай алууга жана өргүү мезгилинде эс алууга шарт түзүү, ошондой эле кызмат убагында ооруп калса акысыз дарылануу жана башка жеңилдиктерди тез арада берүү керек. Мындан ары медицина кызматкерлерине болгон мамилени оңдоп, алардын статусун көтөрүү.

Б) Ошондой эле заманбап ооруканаларды салуу, медициналык жабдуулар жана дары-дармек менен керектүү көлөмдө камсыз кылуу бүгүнкү учурдун кечиктирилгис талабы.

В) Элибиз дагы өздөрүнүн камын көрүп, сактануу эрежелерин кармаш керек.

–Парламенттик шайлоого катышмай болдуңузбу? Эгер катышсаңыз кайсы партиянын курамы менен барасыз?

–Ооба, парламенттик шайлоо да келип калды, бирок, баары эле азыр өз жаны менен алек болуп, эч ким деле мурункудай дайындалган жок окшойт. Кудайым буюрса, шайлоого катышайын деген оюм бар. Кайсы партия менен бараарымды азырынча чече элекмин. Бирок, сунуштар бар.

  

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *