Даниэл Ажиев өз каалоосу менен бир орундуу камерада кармалууда

Мезгил

Даниэл Ажиев бир орундуу камерада кармалып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

«Бүгүнкү күндө Ажиев өз каалоосу менен бир орундуу камерада кармалууда. Ал тараптан СИЗО-1 мекемесинин администрациясына даттануу түшкөн жок. Анын абалы жакшы», – деп айтылат маалыматта.

 Белгилей кетсек, коронавирус илдетинен кыргызстанда оор абал жаралып турганда Даниэл Ажиев 7 млн сом жардам көрсөткөн. Интернет колдонуучулар ал  вебкам-моделдердин студиясы менен алектенээрин айтышып ага катарата ар кандай сындарды жазышкан.  Ал эми Даниель Ажиев,  кыргыз элин оозго алгыс сөздөр менен  сөккөн.

 Кийин ал  суракка чакырылып, камакка алынды.  Ага улуттук, расалык, этникалык жана аймактык кастыкты козгоо айыбы тагылууда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *