Дарья Маслова Ташкентте өткөн марафондо алтын медаль багындырды

Мезгил

Кыргызстандык Дарья Маслова Ташкентте өткөн марафондо алтын медаль тагынды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазды.

  Маалым болгондой   Нооруз майрамына карата уюштурулган мелдешке 35 мамлекеттен  2 миң 500дөн ашуун спортчу катышкан.

21 чакырым 97 метр аралыктагы жарым марафондо жөө күлүк Дарья Маслова алтын медаль менен кошо 12 миллион сум өлчөмүндөгү байгени жеңип алды. Аталган аралыкты ал 1 саат 12 мүнөт 30 секундда басып өткөн.

Марафондун программасында 5 жана 21 метр дистанциялар каралган.   Жеңил атлетчинин жарым марафонго катышуусу 2020-жылкы Олимпиада оюндарына даярдык катары өттү.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *