“Дарыгер” деген сөздү туура жаза албаган “Билим берүүнүн отличниги” депутат Т. Икрамов элге акыл үйрөттү

   Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов коронавирус илдетин жуктуруп алганын айтып, үй шартында дарыланып жатканын интернет баракчасына жазды. Бирок андагы жазылган постто бир катар каталарга жол берген.

Белгилей кетсек, депутат Тазабек Икрамовго буга чейин  “Билим берүүнүн отличниги” төш белгиси берилген. Бул коомчулукта кызуу талкууга алынган.  

-Мен айткан соз итке окшоп, жазгандар учун! Сөздү бурмалабай, туура түшүнгөн адам эч убакта өзүнө кабыл албайт! Рахмат! Урматтуу мекендештер!

Азыркы абалды баарыбыз көрүп жатабыз. Өлкөбүз оңой эмес кырдаалга кептелди. Биз чындыкты моюунга алышыбыз керек. Бүтүндөй Европа, алтургай Америка ээ боло албаган илдетке биздин мамлекеттин туруштук бериши күмөн эле. Эми “Дарт берген кудай дабаасын кошо берсин” деп, жалпы элибиз жоопкерчиликти сезчү мезгил келди. Учурунда карантин болду, Өзгөчө кырдаал абалы кирди. Ал натыйжалуу болдубу же жокпу аны териштирип турчу мезгил эмес. Убактысы келет, ар бир сурообуз жоопсуз калбайт.

Эми маселенин өзөгү боюнча. Чынын айталы бүгүн биздин медицина кызматкерлери өтө оор кырдаалды башыынан кечирип жатат. Өлкөдө илдетке кабылгандардын саны көбөйдү. Мындай кырдаалдан чыгуунун бир гана жолу калды. Ал ар бир жаран жоопкерчилик менен бул илдеттин алдын алууга салым кошуусу. Тилекке каршы, мен да бул илдетке кабылдым. Үй шартында өзүмдү өзүм жалгыз кармап, үй бүлөм, жакындарым менен катнашты кан буугандай токтоттум. Санитардык абалды так сактадым. Позитивде болдум. Даарыгерлер айткан көрсөтмөлөрдү так аткардым. Кудайга шугур, оор күндөр артта калды.

Демек, биз бул илдеттен кутулуунун бир гана жолу бул жеке жарандардын жоопкерчилиги экенин жон терим менен сездим. Азыр биз баарыбыз жумушубуз жок болсо көчөгө басканды токтотуп, эгер зарыл ишибиз болсо медициналык маска тагынып, колубузду антисептик менен улам улам тазалап, адамдар менен жакындан баарлашуудан качышыбыз керек. Кайталайм, бул илдетти азыр биздин медицина ооздуктай албайт. Бир гана жол ар бир жаран өзүнүн ден соолугуна кам көрүп, жоопкерчилик менен мамиле кылышы зарыл. Ар бир көчөдөгү жаран бүгүнкү күнү вирусту алып жүрүүчү болуп, бир канча кишини илдетке чалдыктырып жатат. Бул өтө коркунучтуу. Биз дайым өзүбүздү эле эмес, башка мекендештерибиздин ден соолугун ойлогонго да милдеттүүбүз! Сактаналы, сак бололу!

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *