Дарыгерден Мадумаровго жооп: Эркек болсоңуз бул оорунун коркунучу жок экенин аныктап, ооруканага жатып чыгыңыз!

   “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров буга чейин эч кандай вирус жок экендигин карантин  жөн гана  саясат экендигин айткан. Ал эми буга карата дарыгер нарколог Амина Сатыбалдиева Мадумаровго кайрылды.  

 -Урматтуу, Адахан Мадумаров мырза! Сиздин кайрылууңуз жарыялангандан кийин, менин кесибим врач болгондугума байланыштуу мага ар тараптан телефон чалуулар келип жатат. “Мадумаровтун айтканы чындыкпы? Эмне учун биз үйдө олтурабыз? Ал «бул карантин, жөн гана саясат! Бул бийликтегилердин өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн, чоң-чоң сырттан келген акчалар үчүн” – дебедиби деп.

Сиз өзүңүздүн бийликке болгон жек көрүүңүздү карапайым элдин башына өзүңүз айткан «будун чаңды» салып, билиндирбей элди өкмөткө кайрап жатасыз. Эгер кыргыз элине, Кыргызстанга чындап күйсөңүз ушундай апаат убагында болгон акылыңызды, оюңузду, сунушуңузду жакшы сөз менен эле бийликке сунуш кылып көмөктөшсөңүз болмок.

Эл деле көрүп билип турат, бул биздин бийликтин ойлоп тапкан оорусу эмес экенин. Азыр элдин 70% интернет аркылуу бүт дүйнө жүзүн көрүп маалымат алып турат, сиз айткандай көп деле караңгы эмес. Эгер эркек болсоңуз бул оорунун коркунучу жок экенин аныктап, обсервациядагыларга эмес «өкмөт аныктабай эле калп даарылап жатат» деген оорулуулардын арасына камера менен барып, бир жума жатып чыгыңыз.

Ошону жасай алсаныз көпчүлүк эл сизге ишенмек… Жалган камоодосуңар деп элди көчөгө чыгарып жиберип, кичине кыргыз элин, Кыргызстандыктарды кырып алып кимди башкарасыңар анан…-дейт ал.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *