Дарыяны кече качкан Шадиевди депутаттык мандаттан ажыратууну ойлонуша элек

Мезгил. 

Депутат Аскарбек Шадиевди депутаттык мандатынан ажыратууга БШК шашыла элек. Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтканына таянсак, алар парламенттин чечимин күтүп жатышат.

Айтымында, мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин депутаты бир сессия ичинде 30 жумуш күнүн себепсиз калтырса, анын негизинде ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн эрте токтотсо болот. Бирок, себепсиз ишти калтырган эл өкүлүнүн маселесин парламент карайт, анын кайда жүргөнүн, эмне себептен сессияга катышпаганын териштирет, андан кийин гана мандаттан ажыратуу чечимин кабыл алышат.

“Парламент чечим кабыл алгандан кийин БШКга кат жолдойт. Анын негизинде биз мандаттан ажыратуу маселесин карайбыз”, – дейт Бегматов.

Аскарбек Шадиев “Бир Бол” фракциясына таандык депутат. Аталган фракция дагы бул маселени карай элек.

Жогорку Кеңештин депутаты жана мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге карата  үч кылмыш  иши козголгон. Май айынын этектеринде, биринчи кылмыш иши козголгондон кийин депутат өлкөдөн чыгып кеткен. Анын Кыргызстанда жок экени арадан бир нече күн өткөндөн кийин гана УКМКга жеткен. Ал арада депутаттардын айрымдары Шадиевдин кайда экенине кызыгышып, коопсуздук кызматына суроо беришкен. Бирок, ал экс-вице-премьер-министрдин өлкө аймагынан чыкпаганына ишендиришкен. Ошол убакта Шадиевдин жардамчысы анын чет өлкөгө дарыланууга кеткенин, аз убакытта кайтып келээрин ачык жарыялап турган. 1-июнда гана УКМК депутаттын өлкөдөн чыгып кеткенин тастыктап, Баткендеги Арка айылынын жанынан Тажикстанга    мыйзамсыз жол менен өткөнүн маалымдаган. Андан ары Америкага учуп кеткен.

Кылмыш ишине кириптер эл өкүлүнүн өлкөдө жоктугу аныкталгандан кийин гана Биринчи май райондук соту аны камакка алуу боюнча сырттан чечим чыгарган.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *