Дастан Бекешов менчик акча доолагычтарды колдойбу?

Мезгил

Коллектор деген, кредиторлорго карызы барларды коркутуп-үркүтүп аласасын өндүрүп берип, ортомчулук акысын алып жашаган зөөкүр чалыш менчик кызмат бар. Бул тууралуу Россия жергесинде болуп келгендердин кабары бар. Мын ошондой кызматтын өлкө аймагында пайда болушун колдогондор пайда болуптур. Алардын бири парламент депутаты Дастан Бекешов. Депутат Кыргызстанда жазаларды аткаруу жеке кызматын ачууну сунуштаган. Бул идея мамлекеттик соттук аткаруучулардын начар иштеп жаткандыгынан улам жаралгандыгын белгилеген депутат.

Юристтер депутаттын жеке соттук аткаруучулар кызматын түзүү боюнча демилгесине каршы чыгышты. Соттук чечимдердин аткарылышы мамлекеттин мойнунда болуш керек, эгерде алар аткарылбай жатса, демек, кандайдыр-бир реформаларды жүргүзүү зарыл дешкен алар.

Соттук чечимдердин тең жарымынын аткарылбагандыгы көйгөйлүү.  Мунун көп себептеринин бири – коррупция. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, Бекешовдун сунушу ишке ашып кетчү болсо, биздин өлкөдө да өз милдеттерин мыйзамсыз түрдө аткаруудан кайра тартпаган коллекторлор пайда болуп калышы мүмкүн. Россияда мындай кызматтарга уруксаат берилип, эми баш тартууга бел байлап жатышат. Анткени коллекторлор карыз болгон жарандарды ар кандай жолдор менен коркутуп, үйлөрдүн боорлоруна “Карызыңды төлө” деп жазып кетишип, ит-мышыгын өлтүрүп, ал тургай карыз болгон жарандарды уруп-сабаганга чейин барган учурлар көп катталган.

Эгерде Кыргызстанда коллектордук кызмат пайда болчу болсо, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жаңы, легалдуу жумуш орду түзүлдү деп санай берсек болот. Анткени ИИМ бука моюн, буура сан, элдин эсебинен жашап, арам тамак таап күн өткөргөнгө көнүп калган УКТнын мүчөлөрүнө (ОПГ) “аңчылык” жарыялап, кармалгандарынын оозун кемечтеп келет. Жумушу жок калган УКТ мүчөлөрүнүн жаңы жумушту бат эле өздөштүрүп алганга мүмкүнчүлүгү бар.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *