Дастан Бекешов: ЖМКга эмне үчүн 40 миллион сом берилди?

Мезгил

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде келерки жылдын бюджетине байланыштуу талкуу жүрүп жатты.

Эл өкүлү Дастан Бекешев “ЖМКга эмне үчүн 40 миллион сом берилди?” – деген суроону Финансы министри Бактыгүл Жээнбаевага узатты.

Министр айым бул акча каражаттары “5 канал” жана “Пирамиданын” кызматкерлерине эмгек акы катары төлөнүп бериле тургандыгын мисал катары келтирди. Эл өкүлү ЖМК үчүн өтө чоң каражаттар сарпталып жаткандыгын, алардын санын кыскартуу боюнча оюн билдирди. Буга чейин деле мамлекеттик каналдарды, анын ичинен парламентке тиешелүү теле каналдарды мамлкеттик каржылоодон чыгаруу боюнча маселе көтөрүлүп келген. Бактүгүл Жээнбаева Дастан Бекешовдун пикирин эске аларын, бул маселени дагы карап чыгуу керектигин билдирди.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *