Дастан Догоев УКМК тарабынан кармалганы айтылууда

  Мезгил

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы, президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев УКМК тарабынан кармалганы айтылууда. Ал эми бул тууралуу укук коргоочу  Динара Ошурахунова да фейзбуктагы баракчасына жазды.

 Ал эми бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы четке кагууда.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын июнь айында Дастан Догоев президент Сооронбай Жээнбековдун коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган.

 Эске салсак, быйыл 22-февралда биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) өкүлдөрү өз пайдасы үчүн мыйзам бузуп, өздөрүнө тыгыз байланышы бар компаниянын кызыкчылыгы үчүн иштешкен деген негизде сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тендер өткөрүүгө түздөн-түз тиешеси барлар катары жалпысынан 15 адамдын аты-жөнү аталган. Алардын арасында Мамкаттоонун мурунку төрагасы, президенттин кеңешчиси Дастан Догоевдин да аты аталган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *