Дастан Сарыгулов: Кубанычбек Кадыровдун айтканы чындык…

Мезгил

Кубанычбек Кадыровдун «Атамбаев киллер жалдап 4 саясатчынын кѳзүн тазалаш керек”  деген маеги коомчулукта чоң талкуу жаратты. Жоо кеткен соң кылычыңды ташка чаап дегендей эмне үчүн бул билдирүүнү убагында айтпадыңыз деген сурообузга Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты айтканын бул тууралуу Дастан Сарыгуловго кагаз түрүндѳ коомчулукка кайрылуу да жазып бергенин айткан. Буга байланыштуу биз коомдук ишмер Дастан Сарыгуловго кайрылып, “Сизге Кубанычбек Кадыров кезинде Алмазбек Атамбаев мага “Кубан киллер таппайсыңбы. Менде жетишерлик акча бар. Тѳрт саясатчынын кѳзүн тазалап коюш керек болуп жатат” дегени тууралуу маалымат жазып берген экен. Аны сиз коомчулукка жарыя кылам деп, жарыя кылбай калгансыз. Буга эмне себеп болгон?” – деген суроо узаттык.

Коомдук ишмер бул окуя 2016-жылы болгондугун, ал бул билдирүүдѳн эч кандай майнап чыкпайт деп эсептегендиктен коомчулукка жарыя кылбаганын айтат.

-Ооба, Кубанычбек Кадыров мага 2016-жылы бул тууралуу маалымат берген. Мен ал кезде муну коомчулукка алып чыгуунун майнабы жок деп санагандыктан кайрылуунун ѳзүмдѳ калтырып койгонмун. Азыр да муну айтып чыккандан майнап чыкпайт. Анткени Атамбаевдин кадрлары бүгүнкү убакта да укук коргоо кызматтарында жетекчилик орунда  иштеп келет. Алар эч качан ага каршы кылмыш иштерин козгошпойт– деди Сарыгулов. 

Кубаныч Кадыров: Атамбаев киллер жалдап 4 саясатчынын кѳзүн тазалаш керек деген…

 Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *