Дастанбек Жумабеков коронавируска байланыштуу Кытай элине көңүл айтты

   Мезгил

Бүгүн, 13-февралдагы парламент жыйынында Төрага Дастанбек Жумабеков коронавирус дартынын жайылышына байланыштуу миңдеген жарандары жабыркап, жүздөгөн адамдары каза болуп жаткан Кытай Эл Республикасынын элине жана жетекчилерине Жогорку Кеңештин атынан көңүл айтып, дүйнөгө дүрбөлөң салган оорунун тез арада токтошун тилек кылды.

“Эзелтен коңшу жашаган Кытай элиндеги бул жагдай Кыргызстандын элин да түйшөлтүп жатат. Андыктан, оорудан жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалап, дартка каршы жүргүзүлүп жаткан аракеттерге тилектеш экендигибизди билдирем”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.  

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *