Денис Бердаков деген “саясий шоумен” чыкты

    Мезгил

Денис Бердаков деген саясий талдоочу Мага 350 миң долларга Жогорку Кеңештен орун сунушташты” деген билдирүүсү менен коомчулуктун көңүл борборуна алынды.

«Кыргызстанда 2020-жылы парламенттик шайлоо өтөт. Мага орун сунушташты. Өтө кымбат кресло экен, көрсө. Медиалык инсан катары, андан башка жаштар жана улуттук квотамды эске алып, жеңилдетүү беришкенден кийин партиянын кассасына 350 миң доллар төлөөшүм керек экен. Мен буга чейин парламентке барууга ниет кылган эмесмин. Бирок, мындай иш болуп жатса жана экологиялык жана коррупцияга каршы мыйзамдарды сүрөгөнгө мүмкүндүк пайда болсо… Фейсбуктан минтип сураганга даярмын: Карапайым киши 350 000 АКШ долларын кайдан таба алат? Таанышым 35 000 жаран дан 100 доллардан чогултууну сунуштады. Менимче, бир аз фантастикалуу. Бирок краудфандинг идеясы мага жагат. Мен фейсбукта өлкөнү өзгөртүүнү каалагандар үчүн парламентке дагы бир жолу олигархтар келип албаш үчүн шайлоо кампаниясын каржылоого краудфандинг идеясын карап чыгууну сунуштаймын. Депутаттардын айлыгы канча эле? Айына 1 500 доллар болсо керек эле. Ошондо 5 жылда 90 000 $ иштеп табамбы?», – деп жазган Бердаков соцтармакта.

Маалымат үчүн:

Краудфандинг – бул социалдык-интернет аянтчалар аркылуу кандайдыр бир долбоор же жеке бизнесине каражат тартуунун ыкмасы. Акчаны келечектеги пайданын үлүшүнө алмашууну сунуштоо аркылуу же кайтарымсыз алууга болот. Мында акчаны банк же мамлекет эмес, компаниялар же жеке адамдар беришет.

Ошентип Денис Бердаков деген саясий талдоочу заматта “саясий шоуменге” айланып чыга келет. Ал депутат болуу үчүн интернет аркылуу элдерге краудфандинг сурап, б.а. “кайыр” сурап кайрылган.

Мындан улам суроо туулат:

1) Саясат таануучунун айтымында ал эч качан парламентте иштөөнү пландаштырган эмес. Анда эмнеге бул маселеге башын оорутат? Социалдык тармактын 1 күндүк жылдызы болуш үчүнбү?

 2) Эксперт Жогорку Кеңештин депутатынын креслосун «сатып алуу» сунушу кимден түшкөнүн тактаган жок. Демек Денис Бердаковдун башын оорутуп алдашкан, же Бердаков элдин башын тегеретип жатат.

3) Парламенттик шайлоого чейин 1 жылдай убакыт бар. Саясий партиялар азырынча олуттуу даярдык көрүшө элек. Акыл-эси ордунда болгон саясатчы, же партиянын өкүлү дайыны жок мындай сунушту айта бербейт.

4) Албетте парламентке чөнтөгүң жука болсо бара албасың белгилүү. Партияларга үгүт компанияларын жүргүзү үчүн акча чогултууга жана аны жумшоо боюнча мыйзам чегинде мүмкүнчүлүктөр берилген. Анын чектөөлөрү да бар. Ал эми 9 пайыздык босогодон өтө албасын билген партия лидерлери азыртан коңгуроо кагышууда. Партиялык тизмедеги алдыңкы орундар 500 миң долларга чейин көтөрүлдү деген маалыматтар бийликти элге жаман көрсөтүүнүн аракеттери.

Мына ушулардын негизинен алганда саясий талдоочу Денис Бердаковдун жөн жерден эле элдин башын айланткысы келип жаткандыгы, “саясий шоумен” болуп чыга келгендиги ачык байкалды. Калп айтып жаткандыгы сокур кишиге деле көрүнүп калды.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *