Депутат:70 жаштагы Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Ж. Рустенбековдун ордуна башка келиши керек

Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев бүгүн Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси 70 жашта экендигин айтып анын ордуна иштерман    адам келиши керектигин айтты.   

 «Консулдук ачкыла. Кыргызстандын Баткен жана Лейлек райондору Тажикстандын 10 районун камтыйт. Тилекке каршы көйгөйлөр биздин жарандарда болуп жатат. Бул маселе боюнча элчи тараптан жасалган бир да иш көргөн жокмун», – деди депутат.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков депутаттын бул айткандары боюнча эске алынаарын билдирди.   «Ал дайыма биздин позицияны жеткирет, бирок сиздин сөзүңүздү эске алабыз», – деди ал.

Белгилей кетсек, Жаныш Рустенбеков Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп 2018-жылдын октябрь айында дайындалган.  Ал 1949-жылы 25-сентябрда туулган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *