Абдылдаев Абылгазиевди “Өкмөт үчүн иштейм деп келгенсиз, туруп эле туруңуз”деп отургузбай койду

Мезгил

   Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин комитетинде Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин талапкерлиги каралууда.

Догоевдин талапкерлигин сунуштап жаткан өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев талапкер тууралуу маалымат берип бүткөндөн кийин орундукка отуруу үчүн баратканда депутат  Мыктыбек Абдылдаев “Чарчап кеттиби? Туруп эле турсун. “Өкмөт үчүн иштейм деп келгенсиз, туруп эле туруңуз”-деп отургузбай койду.

Абылгазиев Абдылдаевге “маселе жок, туруп эле турам” деди.  

Эске салсак,   Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин буга чейинки төрагасы Бакыт Шаршембиев отставкага кеткен.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *