Депутат Алимбековдун аялынын компаниясы заманбап турак жай курабы, анда эмнеге декларацияда жок

    Мезгил

Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” партиясынын депутаты Нурбек Алимбеков, салык декларациясы боюнча андай деле бай эмес. Бирок депутаттын аялы “миллионер”.Тактап айтканда эл ѳкүлү өзүнүн декларациясында жубайы Гулназ Тороевага таандык эң ири курулуш компаниясын көрсөтгөн эмес.

Мыйзамына ылайык декларация толтурган адам киреше жана чыгашалары, саясаттагы ээлеген ордуна жараша жакындарынын, жубайынын, жашы жете элек балдарынын мүлктѳрүн ачык кѳрсѳтүүгѳ тийиш. 

Ал эми депутат Алимбековдун жубайы Бишкек менен Ош шаарларындагы “Англиский квартал”, “Фрунзе”, “Нурзаман Плаза” камфорт жана премиум класстардагы ири турак жай комплекстерине ээлик кылат. Бирок бул эл ѳкүлү толтурган декларацияда жок.

2015-жылдан 2018-жылга чейин депутат бир жылдын ичинде 750миң сом тапкан. Эсептей келгенде, бир айда 60 миң сомдон туура келет. Алимбековдун  эң кѳп киреше тапкан мезгили 2016-жылга туура келет. Бул жылы анын кирешеси  885миң сомго жеткен.

Бирок, 2015-2016-жылдардагы эл өкүлү берген декларациясында 0,1га жер тилкесинен башка бир дагы мүлктү ачыктап көрсөткөн эмес.  Ал эми акыркы эки жылдан тартып анда (66 кв.м) курулуш, (3.2 га) жер тилкеси пайда болгон.

Алимбековдун жакындарынын кирешеси

Алимбековдун жакын туугандарынын кирешелери (сом менен):

-2015-жыл 489 453

-2016-жыл 1081 562

-2017-жыл 6 615 835

-2018-жыл 520 870

Алимбековдун туугандарынын чыгашасы:

– 2015-жыл 30 000$

– 2016-жыл маалымат жок

– 2017-жыл 3 957 450 сом

– 2018-жыл 4 226 400 сом

Ал эми эл ѳкүлүнүн туугандары аянты 675 чарчы метр үйгѳ ээлик кылат.

Авто унаалар:

–        Лексус 570, 2009-жылы чыгарлыган,

–        Тойота Камри, 2006-жылы чыгарылган,

–        Лексус RX 350, 2013- жылы чыгарылган,

– Тойота королла, Лексус 570,

– Тойота королла, Лексус 570,

– Рейндж ровер, 2013 жылы чыгарылган.

2017-жыл

2017-жылдагы Алимбековдун декларациясында бир туугандары менен биргеликтеги бизнеси ЖЧК “Нурзаман” фирмасынын үлүшүн “акциясы” “100 000” (валюта көрсөтүлгөн эмес). Мындан башка ушул жылга чейин бир туугандарынын эмне ишкерлик менен алектенгендиктери жөнүндө жазган эмес.

2018-жыл

Ал эми 2018-жылдагы декларациясына эл ѳкүлү бир нече акцияларын (упайларын) кошумчалаган. Бирок, декларацияда кѳрсѳтүлгѳн кыймылдуу мүлктөрү графасындагы 2 726 400дөн  1 200 000 акча каражаты белгиленген эмес.

Чындыгында депутаттын жубайы эмнеге ээлик кылат?

Юстиция министрлигинин базасындагы маалыматка таянсак Тороева Гулназ Маматысаевна Кыргызстандын аймагында жайгашкан 4 фирмага жетекчилик кылып келет. Алар:

  1. ЖЧК “Папан курулуш” – 2005-жыл Бишкек шаарында каттоодон өткөн. Менчик ээси Тороева. Алимбеков өзү 2008-2010-жылдары ушу компанияда жетекчилик кылган. Бул анын Жогорку Кеңештин сайтындагы ѳмүр баянында так көрсөтүлгөн. Ишкананын катоо номери кѳрсѳтүлбѳгѳндүктѳн фирма мамлекеттин казынасына канча салык тѳккѳнүн билүүгѳ мүмкүн болгон жок.

Салык каттоо маалыматында ИИН көрсөтүлбөй калып фирма болбой калган.

  1. ЖЧК “Дианур Строй” “2013-жылы ноябрь айында Бишкек шаарында түзүлгѳн. Бул компанияга Тороева менен Алахунов Аманжан Абылкасымович ээлик кылышат. Белгилүү болгондой, бул компания Бишкекте ыңгайлуу заманбап үйлөрдү курат. Бирок, канча имараты (обьект) бар экени же канча имараттын курулушун бүтүргѳнү белгисиз. Бул ишкана боюнча,  маалымат каражат булактары тазалыкты сактабаганынан улам, борборубуздун мэриясынын кара тизмесине түшүп калгандыгын билүүгѳ болот. Ал эми аталган компания мамлекетибиздин казынасына 22.5 млн сом салык төлөгөн.

Өткөн жылдын февраль айларында Токомбаева 23/1 көчөсүндө жайгашкан “Дианур” комплексинин жашоочуулары ушу эле компания 2015-жылы эле курулуп баштаган 256 квартираны бүтүрүп колдонууга бере электигин айтып ЖК ке кайрылуу жасашкан. 

  1. ЖЧК “Нурзаман” курулуш компания 2019-жылдын апрель айында Бишкекте катталган. Бул компания Ысманов Урматбек Маматжакыпович, Асанов Адылбек Тойчубекович, Тороева Гулназ Маматысаевна, Каарыев Кудурет Давлетбекович аттуу төрт адамга таандык. 2016-жылдан тарта болгону “Нурзаман” компаниясы мамлекетке 482.6миң сом которгонАл эми аталган курулуш компанияларынын салган имараттарын кѳрүп калган салыкты кайда жашырышкан деген ой келет?
  2. ЖЧК “Папан Металл” 2019-жылдын май айында Бишкек шаарында каттоодон ѳткѳн. Компания дүң адистештирилген соода сатык кылат. Бул компанияга Асанов Адылбек Тойчубекович жана Тороева Гулназ Маматысаевна бийлик жүргүзөт.

Бул бизге белгилүү Алимбековдун ѳмүрлүк жарына таандык ишканалар. Ал эми белгисиздери канча деген ой келет. Кандай болгон күндѳ да ѳлкѳнүн башкы мыйзам чыгаруу  мекемесинде иштеп туруп, эл ѳкүлүнүн элди алдаганга жол бергенин кандай түшүнсѳ болот?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *