Депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу катышкан кырсык боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты

    Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу катышкан Чолпон-Атадагы жол кырсыгы боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4 адамдын өмүрүн алган Ысык-Көлдөгү жол кырсыгына депутаттын унаасы катышкан.

Үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда таңга маал саат 4.30да BMW X7 менен Lexus ES 330 үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унаадагы төрт жигит каза болгон. Ал эми кроссоверде депутаттын уулу Темирлан Токобеков жана дагы эки киши бараткан.

Автотехникалык экспертиза жол кырсыктын келип чыгышына BMW X7 унаасынын катуу ылдамдык менен баратканы себеп болгонун аныктады. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында BMW X7 унаасынын айдоочусу Элдияр Халмурзаев убактылуу кармоочу жайга 13-октябрда 48 саатка камалган. Андан соң, эки күндөн кийин Каракол шаардык сотунда айдоочунун баш коргоо чарасы тандалып, үй камагына чыгарылды.

Эске салсак, 7-июлда Чолпон-Атага алыс эмес жерде «БМВ Х7» менен «Лексус» унаалары кагышып алган.

Натыйжада жеңил машинедеги айдоочу жана бардык 3 жүргүнчү каза тапкан.

“БМВ” жол тандабасын башкарган айдоочу саатына 100 чакырымдан ашуун ылдамдыкта келе жаткан. Азыр ал үй камагында. Бул “БМВ” Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобековго таандык. Ал кырсык маалында айдоочунун жанында бара жаткан.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *