Депутат Асель Кодуранова ИИМге суракка чакырылды

Мезгил

Бүгүн, ИИМге Жогорку Кеӊештин депутаты Асел Кодуранова суракка чакырылды. Бул туурасында депутат Ирина Карамушкина социалдык баракчасына жазды.

Кодуранованы «Альфа» атайын кызматынын кызматкерлерин барымтага алуу фактысы боюнча сурак берүү үчүн күч түзүмдөрүнүн төрт кызматкери суракка алып кетишкен.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда бир аскер кызматкери октон каза таап, жүзгө жакын жаран жаракат алып ооруканада. Ал эми Атамбаевдин тарапташтары атайын кызматтын 6 кишисин барымтага алып, аларды кечээ коё беришкен.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *