Депутат Азизбек Турсунбаев журналисттен кечирим сурамай болду

   Мезгил

Журналистти “барчы нары” деп орой каккан Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Азиз Турсунбаев Kloop.kg басылмасынын журналисти Айзирек Иманалиевадан кечирим суроого даяр. Ал бул тууралуу массалык маалымат каражаттырынын бирине билдирди.   

Эл өкүлүнүн айтымында  ал  журналист кызды карындашындай көрөөрүн айтып,   ага орой мамиле кылайын деген ой жок болчу дейт.   

 -Ал мени кабылдамада күтүп туруптур, мен бир жакка кетип келип жүрдүм, мага келгендер да болду. Мен иш бөлмөдөн чыкканда жаныма келип саламдашпай, өзүн тааныштырбай жер аянты тууралуу суроо берди. Мен ага «Ой, күтө тургулачы, анан» деп айтып кетип калгам. Эгер бул орой угулган болсо жана жаман сөз айткан болсом анда кечрим сураймын. Анын алдында кечирим суроого даярмын, — деди депутат.

 Белгилей кетсек, кечээ депутат Азизбек Турсунбаевге   Ататүрк” паркындагы жер тилкесин кандай негизде алганы тууралуу суроо берген. Ал бул журналиске  «Барчы ары» деп орой жооп кайтарган. Бул интернет колдонуучулардын арасында талкууга алынып, айырмдары депутатты мандатын тапшырысын десе, кээ бирлери журналист кыздан кечирим сурашы керектигин айтышкан.  

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *