Депутат: “Үй карантинине алынган кошунам велосипеди менен дүкөнгө барып жүрдү ”

  Мезгил

Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында пандемияга байланыштуу өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узартуу маселеси талкууланууда. Анда эл өкүлү Марлен Маматалиев үй карантининине алынган жарандар режимди сактабай жатканына тынчсызданды. 

“Мен өзүм күбө болгон көрүнүштү айтайын. Бир үй-бүлөдө апасы үй карантинине алынган. Бирок аны менен контакт болгон кызы ээн-эркин көчөгө чыгып, кыдырып, дүкөндөргө барып жатты. 3 күн гана болду экөөнү тең  алып келип жаткырыптыр. Ага чейин канча адамдар менен байланышты. Дагы бир үй карантинине алынган кошунам велосипеди менен дүкөнгө барып жүрдү. Мен өз көзүм менен көрдүм. Бул өтө коркунучтуу жагдай, оорунун жайылышына шарт түзөт”, – деди Марлен Маматалиев.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов чынында үй карантини боюнча маселе оор болуп жатканын мойнуна алды. Байкоого алынган 8000 адамдын ичинен   көпчүлүгү укпай, түшүнгүсү келбегендер болууда деди ал. Бирок милиция тийиштүү иштерди алып барып жатканын белгиледи өкмөт өкүлү.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *