Депутат: Бензин боюнча Антимонополиялык жөнгө салуу агенттиги да, башкасы да чечмелеп бере албай жатат

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бензиндин баасынын айырмасы – 10 сом. Бул боюнча калк арасында аргандай күдүк суроолор жаралууда. Ал эми Антимонополиялык жөнгө салуу агенттиги да, башкасы да аны жөндүү чечмелеп бере албай келет. Эмне үчүн? Депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеште 2019-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда ушундай собол салды.

«Мисалы, бизде бензиндин акциздик салыгы – 5 сом. Ага жол чыгымы, ортодон пайда табуу сындуу дагы башка чыгымдар кошулат. Ошондон улам, Казакстан менен айырма 10 сомго чыгып отурат. А, силер жөнөкөй эле нерсени жөндөп түшүндүрүп бере албай жатасыздар. Минтип иштөөгө болбойт», – деди Мирлан Бакиров.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *