Депутат: Бизнесменди уурдап өлтүргөн кылмыштын бети «Коопсуз шаардын” жардамы менен ачылыптыр

   Мезгил

Жакында бизнесменди уурдап өлтүргөн кылмыштын бети ачылды. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, аны «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында орнотулган видеокамералардын жардамы ачышыптыр. Демек, бул долбоор жол коопсуздугун эле сактабастан, кылмыштарды ачууга көмөк көрсөтөт экен. Бул тууралуу депутат Бакирдин Субанбеков Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Коопсуз шаар» долбоорунун 2-фазасын ишке ашырууда видеокамераларды жол коопсуздугун сактоого гана ылайыктабастан, жалпы коомчулуктун коопсуздугун да эске алуу менен орнотуу зарыл. Ошондо көптөгөн кылмыштардын бети ачылат деген ойдомун», – деди депутат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *