Депутат COVID-19 илдетинин жаңы толкунуна даярдык көрүү керектигин айтты

   Мезгил

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков Өкмөт өкүлдөрүнүн көңүлүн дыйкандарды үрөн, жер семирткич жана күйүүчү-майлоочу каражаттар менен толук камсыздоо чараларын күчөтүү зарылчылыгына бурду.

Андан тышкары эл өкүлү Кыргызстанга кайткан мигранттарды жумушка орноштуруу, күз-кыш мезгилдеринде кайталашыны күтүлүп жаткан COVID-19 илдетинин жаңы толкунуна даярдык көрүү маселелерине токтолду. “Мамлекеттик резервдин корун толтуруу зарыл. Андан тышкары калкты сапаттуу дары-дармек менен камсыздоо өтө маанилүү”, – деди Бакирдин Субанбеков.

Ошондой эле депутат экономиканы кайра калыбына келтирүү маселесин да сөз кылып, ички резервдерди пайдалануу жана экспортко багытталган ишканаларды колдоо зарылчылыгын кошумчалады.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *