Депутат: Дарыгерлер менен мугалимдерге башынан ылдый жугунду куюп, жүдөтүп салдык

 Мезгил

Азыр кимдир бирөөнүн баласы ооруса – дарыгер күнөөлүү, балдары тентек чыкса – мугалистер күнөөлүү болуп салды. Кыскасы, дарыгерлер менен мугалимдерге башынан ылдый жугунду куюп, жүдөтүп салдык. Эмне үчүн Өкмөт, анын тармактык органдары өз кызматкерлерин ажаанданган ата-энелерден коргой албай калды? Бул тууралуу депутат Жылдыз Мусабекова Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Ушу тапта Өзбекстан өз дарыгерлери менен мугалимдерин колдоо жана коргоо жаатында иштиктүү чараларды көрүп жатат. Тилекке каршы, Кыргызстанда андай чаралар ушул кезге чейин көрүлө элек. Жалаң ушундай кайдыгер мамиленин айынан көптөгөн дарыгерлер менен мугалимдер ишинен бошоп кетүүдө. Мектептер менен медициналык мекемелерге жаш кадрлар келбей калды. Өкмөт бул багытта кечиктирилгис чараларды көрүүгө тийиш», – деп кошумчалады депутат.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *