Депутат эң жакын өлкөдө арзан бензин турса, бензин башка жактан кымбатка ташылып жатканын сындады

Мезгил

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында депутат Кенжебек Бокоев кыргыз-казак чек арасындагы айрым көзөмөл- өткөрүү пункттарын ачуу керектигине бир катар жүйөөлөрдү келтирди.

Депутат Кенжебек Бокоев аткаруу бийлигинин жетекчилеринен Талас облусундагы Казакстан менен чектешкен «Табак совхозу» жана «Аманбаев» көзөмөл- өткөрүү пункттарын ачуу боюнча казак бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырды. «Бүгүнкү күндө эч кандай конфликттик кырдаал жок. Аталган пункттар аркылуу эки республиканын коӊшулаш облустары айыл чарба жана мал чарба өнүмдөрү боюнча эзелтен бери алыш-бериш кылып келген. Ал эми облус тургундары болсо карым-катташ үчүн 150 чакырым жолду айланып өтүп, кыйынчылык тартып келишүүдө»,- дейт К.Бокоев.

Мындан сырткары, эл өкүлү Кыргызстандын эӊ жакын кошунасы болгон Казакстанда бензиндин баасы бизден 15 сомго айырмалуу арзан экенин айтты. К.Бокоев эӊ жакын кошуна өлкөдө арзан бензин турса, эмне үчүн бензинди башка жактан кымбатка ташып жатабыз деп, Өкмөттүн астына маселени кабыргасынан койду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *