Депутат: “Элди жапырт коронавируска текшерип, ишканаларды жандантуу зарыл”

Мезгил

Жогорку Кеңеште Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү Кыргызстандагы коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаал, вирустун жайылышын бөгөттөө, өзгөчө абалда жумушка тартылган медицина жана башка  тийиштүү органдардын кызматкерлерине  кошумча кепилдиктер жана компенсацияларды белгилөө боюнча парламентте маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

 Эл өкүлү Абдывахап Нурбаев элди массалык түрдө текшерип, акырындап ишканалардын ишин жандандыруу зарылчылыгына токтолду.  Ошондой эле депутат  саламаттык сактоо министрлиги жеке менчик лабораторияларга анализ жүргүзүүгө уруксат бербей жатканына нааразылык билдирди. “Биз өзүбүздүн кызматкерлерди өзүбүздүн каражатыбыз менен текшертип, жумушту баштай берели деп көптөгөн ишканалардын жетекчилери кайрылып жатышат. Жогорку Кеңеш дагы 1-апрелде жеке менчик лабораторияларга мүмкүнчүлүк берилсин деп токтом чыгарып берген.  Эми 1-2-категория   деген ар кандай шылтоолор менен уруксат бербей жатасыңар. Буга чейин мындай  нерселерге коррупциялык жолдор менен уруксат берилип келген. Бул жерде өлүм менен өмүрдүн ортосундагы маселе болуп жатат. Эгер өлүм көбөйүп кетсе министр сизге да кылмыш иши ачылып калышы мүмкүн”, -деп эскертти депутат Абдывахап Нурбаев.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *