Депутат: Электрондук тамекини көбөйтүү керек, анын адамдын ден-соолугуна тийгизген зыяны аз

 Мезгил

  Жогорку Кеӊеште мамлекеттик бюджетти толтуруу максатында, 2019-2012-жылдар аралыгында ысытылган тамеки менен курамында маӊзат камтылган суюктуктарга акциздик алымдарды киргизүүгө багытталган “КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.  

Демилгечи депутат Азамат Арапбаев, акыркы мезгилде өлкө аймагына ысытылган тамеки менен курамында маӊзат камтылган суюктуктардын көлөмү көбөйдү, ошондон улам мындай заттарга акция киргизүү зарылдыгы бар дейт.

«Андан көрө электрондук тамекини көбөйтүү керек, анын адамдын ден-соолугуна тийгизген зыяны аз. Тилекке каршы, Салык кызматында да, Бажы кызматында да өлкө аймагына ташылып кирген ысытылган тамеки менен курамында маӊзат камтылган суюктуктардын көлөмү жөнүндө так маалымат жок», – деди депутат.

Белгилей кетсек, сунушталып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынып калса, акциздик алым  2019-жылдын июль айынан тарта киргизилүүгө тийиш.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *