Депутат газга салык киргизүүнү сунуштады

   Мезгил

Депутаттар эми газга салык киргизүүнү сунуштоодо.  Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев көтөрүп чыкты.

Ал мындай нерсени бюджетке кошумча акча түшүрүү зарылчылыгы менен негиздеди. Өз кезегинде экономика министринин орун басары Элдар Алишеров байкагандай, газга акциз киргизүү анын баасын жогорулатат.

Анын үстүнө, Кыргызстанда газды өндүрүү азырынча анчейин жогорку деңгээлде эмес.Ага карабай, депутат экономика министрлигине бул суроону карап чыгууну тапшырды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *