Депутат Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова кайрадан суракка чакырылды

Мезгил

Депутат Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова  бүгүн кайрадан ИИМдин тергөө кызматына сурак берүүгө чакырылды. Бул тууралуу  КСДП партиясынан билдиришти.

Маалым болгондой, алар менен катар эле КСДПнын мүчөлөрү Кундуз Жолдубаева, Назгүл Мамытова жана Роза Түрксевер дагы чакырылды.  Алар Атамбаевдин туулган күнүнө карата уюштурулуп жаткан митинг боюнча чакырылышы ыктымал.

 Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина буга чейин дагы Кой-Таштагы окуя боюнча ИИМге сурак берип чыгышкан.  

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *