Депутат Исхак Масалиев мандатын тапшырды

   Мезгил

Депутат Исхак Масалиев мандатын тапшырат. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин  жыйынында айтып, мамлекетте азыркы болуп жаткан көйгөйлөргө эл өкүлү катары жеке жоопкерчилигин сезип жатканын билдирди.

Масалиев мындай шартта парламентти олуттуу чечимдерди кабыл алууга көндүрө албаганын айтты. Эл өкүлү 25-майдан тарта депутаттык мандатын тапшырат.

Жогорку Кеңештин 14-майдагы жыйынында шайлоо мыйзамдарында босого чекти тогуз пайыздан жети пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоору талкууланган. Ал бир топ кайым айтышуулар менен коштолгон.

Айрым депутаттар босого чекти 9 пайыздан 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоору тармактык комитетте регламентти бузуу менен каралган деп айтып чыгышты.

Ал эми 19-майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери боюнча комитети шайлоо босогосу тууралуу мыйзам долбоорун колдогон жок. Талкуунун соңунда 14 депутаттын экөө 5 пайыздык босого чекке макул, калганы каршы добуш берди.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *