Депутат Исхак Пирматов ички миграциядагы көп көйгөйлөрдү чечүүчү мыйзам долбоор киргизди (видео)

  Мезгил

   Жумушсуздуктун айынан аймактардан Бишкек жана Ош шаарларына агылып келип, бул калааларда иштеп, жан багып жаткан ички мигранттар көп экени баарыбызга маалым. Бирок алардын туруктуу каттоосу жок болгондуктан бир катар кыйынчылыктарга учурап, Конституциялык укуктарын колдоно албай жатышканы олуттуу көйгөйгө айланып барат. “Бир Бол” фракциясынын депутаты Исхак Пирматов бул маселени чечүүгө багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыккан.

“Каттоого туруу  деген нерсе бул совет доорунан калган  өзүнүн актуалдуулугун жоготкон эски түшүнүк. Бүгүнкү күндө  эч бир өнүккөн өлкөлөрдө  каттоого туруу  деген колдонулбайт” дейт депутат.

“Бүгүнкү күндө  мамлекетибизде биздин жарандарыбыз мамлекеттик кызматтарда  иштеп  жатканда   баардык мамлекеттик кызматтар каттоого турууга байланган. Ошол себептен биздин миллиондон ашык жарандарыбыз Бишкек, Ош,  Жалал-Абад шаарында жашап, өзүнүн жеке менчик турак жайы жок каттоого  тура албай жаткан жарандарыбыз  пара берүү жолу менен мамлекеттик кызматтарга орношот.    “Каттоого туруу   деген нерсе бул совет доорунан калган  өзүнүн актуалдуулугун жоготкон эски түшүнүк. Бүгүнкү күндө  эч бир өнүккөн өлкөлөрдө  каттоого туруу  деген колдонулбайт” деди Пирматов.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *