Депутат өкмөт күйүүчү май боюнча маселени чече албаса, анда отставкага кетишин талап кылды

 Мезгил

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен жыйынында Өкмөттүн ЕАЭБ алкагында жана үчүнчү өлкөлөрдөн эсепке алынбаган, аткезчилик жол менен ташылып келген товарлар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалыматы угулду.

 Депутат Мирлан Жеенчороев контрабандалык жосундардан улам Кыргызстан менен Казакстандагы күйүүчү майдын баасындагы айырма дагы эле 10 сом бойдон калып жатканын эске салып, өкмөт башчы бул маселени эки жылдан бери чече албай келатканын айтты. «Алар кепилдик сурап жатат, биз анын бере албай жатабыз. Бул көйгөй эки тараптуу келишим түзүлмөйүнчө биржаңсыл чечилиши кыйын. Эгерде Өкмөт күйүүчү май боюнча маселени чече албаса, анда отставкага кетиши керек», – деп кошумчалады.  

Экономика министри бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, азыр эки тарап бир пикирге келгенин, келишим ратификациялануу алдында турганын билдирди.

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *