Депутат көмүрдүн баасы азыртадан эле кымбаттап жатканын айтты

   Мезгил

 Өткөндө Өкмөт азык-түлүк менен отун кескин кымбаттабайт деген эле, тилекке каршы, азыр ун менен көмүрдүн баасы кескин көтөрүлүп кетти. Өкмөт, анын атайын органдары мындай абалды көзжаздымда калтырбай, бул багытта тийиштүү чараларды көрүшү керек. Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Кыш келди, көмүрдүн баасы азыртан эле 5000-6800 сомго чыгып кетти. Баа баардык аймактарда көтөрүлүүдө: Ошто – 2300-7000 сом, Бишкекте – 3400-3900 сом, Ысык-Көлдө – 5000-5800 сом, Жалал-Абадда – 6000-6500 сом. Балким көмүрдүн баасын ортомчулар көбөйтүп жатат. Көзөмөлдү күчөтүү зарыл», – деди депутат.

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *