Депутат Кенжебек Бокоев клуб башчыларынын айлыгын көтөрүүнү сунуштады

   Мезгил

  Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы каралууда. Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып жатат.

Суроо-жооп маалында депутат Кенжебек Бокоев айыл өкмөттөрдөгү клуб башчыларынын, техникалык персоналдардын айлык маянасын жогорулатуу зарылдыгын Өкмөттүн астына койду. КР Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул багытта аракеттер көрүлөөрүн, ошол эле маалда айыл өкмөт башчылары өзүнүн аппаратын кармоо жаатында иш-чараларды көрүүсү керектигин белгиледи.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *