Депутат: Компьютердик оюндарга балдар эле эмес, чоң адамдар да азыргылууда

   Мезгил

Компьютердик оюндар социалдык социалдык көйгөйгө айланууда. Көптөгөн жаш балдар мектепке барбай, компьютердик борборлордон чыкпай калды. Ата-энелер ошондой борборлорго тийиштүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылып жатат. Өкмөт дагы, жалпы коомчулук дагы муну эске алышы керек. Бул тууралуу депутат Орозбек Алыбаев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Компьютердик оюндарга балдар эле эмес, чоң адамдар да азыргылууда. Андай борборлорду жаба албасак дагы, аларды калк арасында рекламалоого тыюуу салуу зарыл. Аларды азыртан андай азгырыктан арылтпасак, жаш муунду бузуп алабыз», – деп кошумчалады депутат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *