Депутат “Коопсуз шаар” боюнча: Мындай темп менен бара берсек туӊгуюукка такалабыз

Мезгил

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеӊештин жыйынындагы «Ар кыл маселелер саатында» бир катар эл өкүлдөрү «Коопсуз шаар» долбоору боюнча көйгөйлөрдү көтөрүштү. 

Депутат Тазабек Икрамов жарандардан жол эрежелерин бузгандыгы үчүн салынган айыппулдардын көлөмү өтө көп болуп жаткандыгы боюнча арыздар көп келип жаткандыгын Өкмөттүн астына коюп, айыппулдардын көлөмүн кайра карап чыгууну сунуш кылды.

Мындай көйгөйдү бир нече жолу элдин атынан көтөрүп келе жаткан депутат Кожобек Рыспаев буга чейин жол эрежелерин бузгандыгы үчүн салынган айыппулдарды төлөөнүн көлөмү 20%ды гана түзгөндүгүн айтып: «Мындай темп менен бара берсек туӊгуюукка такалабыз. Андыктан, айыппул көлөмүн азайтуу керек. Жол коопсуздугунун эрежелерин толук сактоого шарт түзүлгөн эмес»,- дейт.

«Коопсуз шаар» долбоорундагы жол эрежелерин бузуу боюнча айпыпулдардын көлөмүн кайра карап чыгуу зарыл. Ал эми айыппулдар унаанын каттаган ээлерине келип жаткан көрүнүш боюнча автоунааларды каттатуу боюнча кандайдыр бир иш-чаралар көрүлүшү керек»,- дейт депутат Уланбек Примов.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *