Депутат Кожобек Рыспаевдин “тагдыры” бүгүн чечилет

Мезгил. 

КСДП фракциясы бүгүнкү жыйынынын күн тартибине Кожобек Рыспаевди фракциянын катарынан чыгаруу маселесин киргизди.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов  Кожобек Рыспаевди фракциянын катарынан чыгаруу маселесин күн тартибине киргизди. Айтымында, өткөн жумада фракция бул маселени караган эмес.

Депутат Кожобек Рыспаев буга дейре патиянын катарынан чыгарылганы менен фракциянын катарынан өзүнүн макулдугусуз эч ким чыгара албастыгын айтып келген. Ал юристтерден кеңеш алганын билдирип, өз каалоосу менен фракциядан арыз жазуу ниети жоктугун белгилеген.

Ошондой эле, КСДПнын айрым депутаттары Рыспаев фракциядан чыгарылса, эркин депутатка айланып, учурда башкарып жаткан жылуулук-энергетика боюнча комитеттин төрагалыгынан да кол жуурун, фракция катарында иш сапарларына чыга албашын айтышкан. А бирок, депутат өзү комитеттин төрагалыгынан кетиши үчүн фракция спикерге кайрылып, бул маселе палатада чечилиши зарылдыгын айтууда.

Кожобек Рыспаев КСДПнын катарынан августта чийилген. Партия мындай чечимин депутаттын партиянын жобосуна карама каршы аракеттерине байланыштырган.

 Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *