Депутат курулушу жүрүп жаткан объектилер бүтмөйүнчө жаӊы курулуш иштерин баштабоого чакырды

  Мезгил

Бүгүн, 1-ноябрда «Ата Мекен» парламенттик фракциясы  Кыргызстандагы  капиталдык курулуштардын абалы жана бүтпөгөн курулуштардын көйгөйү тууралуу маселени талкууга алышты.

Жыйын жүрүшүндө фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов азыркы учурда жалпы республика боюнча 403 социалдык объектинин курулушу жүрүп жатканын, аларды бүткөрүү үчүн 16 млрд сом талап кылынаарын, бирок ар жыл сайын Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигине бул сумманын 25%ы гана бөлүнөөрүнө токтолду.

«Биз силерден болгону бир гана нерсени талап кылабыз, ал – курулушу жүрүп жаткан объектилер бүтмөйүнчө жаӊы курулуш иштерин баштабоо»,- дейт А.Шыкмаматов.

Аталган агенттиктин директору Бактыбек Абдиевдин маалыматы боюнча 403 объектинин 47си 70-99%га бүткөрүлгөн. 54 объекти – 41-70%га, 71 объекти – 11-40%га жана 59 объекти – 10%га бүткөрүлгөн.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *