Депутат Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен болгон чегараларын демаркациялоону тездетүүнү сунуштады

Мезгил. 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Умбеталы Кыдыралиев өлкөнүн чегарасын тактоону тездетүү зарылдыгын билдирди.

Айтымында, Кыргызстандын Өзбекстан жана Казакстан менен болгон чегара аймактарында стратегиялык унаа жолунун чакырымдары такталбаган аймакка кирет. Ал эми коңшу мамлекеттер ал жерге өздөрүнүн чегара түркүктөрүн орнотушуп, аны менен Кыргызстандын аймагына кирип алышты.

Мамлекеттик чегара кызматы депутаттын билдирүүсүнө жооп берип жатып, Казакстан менен болгон чегараны делимитациялоо иштери соңуна чыкканын, жакынкы аралыкта демаркацияланаарын белгиледи. Ал эми Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр уланууда.

Дагы бир депутат талаш аймактарда жайгашкан карьерлерди казак инвесторлору иштетип баштаганын кошумчалады.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *