Депутат Мадумаровго: Эми ар бир министрди галстук үчүн урушасызбы?

    Мезгил

Учурда Жогорку Кеңеште вице-премьер-министрликке Акрам Мадумаровдун талапкерлиги каралууда. Анда депутат Дастан Бекешев галстук боюнча сурады.

-Сиз менен иштешип калдык, ишти алып кете аласыз деп ойлойм. Ошол эле учурда бир нааразычылыкты айта кетсем, галстук боюнча мугалимдерди уруштуңуз  эми өкмөттө кандай болот? Ар бир министрди галстук үчүн урушасызбы? деген узатты.

-Туура белгиледиңиз, чогу иштегенбиз. Мамлекеттик кадр кызматында иштеп жүргөндө  бир топ маселелерди чогу көтөргөнбүз. Бул маселе мен белгилеп кетейин ал жердеги институттун, жогорку окуу жайдын биринчи маселеси материалдык техникалык база болчу. Ал жер абдан начар абалда экен. Мен Баткен облусунун жетекчиси катары  институтта ошол жердеги карапайым элдердин балдары окушат. Ал жердеги окуу жай Ош эмес, Бишкектеги окуу жайлардын деңгээлинде болуш керек деген максат менен  ал  жердеги жетекчилерге сын-пикирди айттым. Албетте бул эми кандайдыр бир багыттап койсо, ошо менен эле кетсе керек. Муну башкача түшүнүп алышкан окшойт -деди Мадумаров.

Эске салсак, буга чейин Акрам Мадумаров   Кызыл-Кыя педагогикалык институна барып окуу жайдын жетекчилерин “Эмне үчүн галстугу жок жүрөсүңөр!” деп сындап   коомчулуктун талкуусунда калган.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *