Депутат: “Мамлекет “Бишкек – Кара-Балта” жолунун 1 километрине 120 млн. сом жумшоодо”

 Мезгил

Бүгүн, 19-майдагы Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында депутаттар Жогорку Кеңештин протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы боюнча маалыматтарды угушту.   

  Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов өлкөдөгү жолдорду куруу долбоорлору тууралуу депутаттардан келген 9 протоколдук тапшырма боюнча маалымат берди.

Талкуу маалында депутат Төрөбай Зулпукаров уноо жолдорунун курулуштарынын наркын аныктоодо долбоорло институттары кайсы логикага таянганына кызыкты.

“Жогорку Кеңештин депутаттарына мыйзам чыгаруу иш-милдети менен катар көзөмөлдөө ыйгарым укугу да берилген. Бирок комитеттин чечимине карабай силер маселени алып салууну сурап жатасыңар. Мындай кылууга такыр болбойт. Мисалы 45 километрди түзгөн “Бишкек – Кара-Балта” унаа жолунун 1 километрине 1 млн. 560 миң АКШ доллары же азыркы валюта курсуна ылайык 120 млн. сом жумшалууда. Жолдун курулушу бир жылга кечеңдеп, муну менен катар долбоордун жалпы суммасы дагы 7 млн. АКШ долларына кымбаттары айтылууда”, – деген депутат  комитет долбоорду башынан аягына чейин көзөмөлдөшү керектигин кошумчалады.    

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *