Депутат: Мамлекеттик лотерея компаниясы түзүлдү эле таптакыр дайыны чыкпай калды, азыр эмне кылып жатат?

Мезгил

2016-жылы мамлекет пайда тапсын деген ниетте Мамлекеттик лотерея компаниясы түзүлүп, анын бутуна тургузуу максатында 10 млн сом бөлүнгөн, ал эми 2018-жылы жылы 20 млн сом берилген. Ошондон бери ал компаниянын таптакыр дайыны чыкпай калды. Деги ал азыр эмне кылып жатат? Компания мамлекеттик бюджетке кандайдыр бир пайда алып келиши керек да. Бул тууралуу депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Кумар оюндарына тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору киргизилгенде, Өкмөт каршы болуп, бир жылдан кийин лотереядан мамлекеттик бюджетке 150 млн сом түшөт, ал эми эки-үч жылдан соң 300 млн сомго чейин каражат түшөт деген, менимче, ошондон бери бир тыйын да түшкөн жок. Өкмөт бир нерсени айтардан мурун жакшылап ойлонушу керек да», – деди депутат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *