Депутат: Мас абалында унаа айдаган судьянын ишин кесиптеши караганы жатыптыр. Карга карганын көзүн чукумак беле

Мезгил

Өткөн жылдын 30-декабрында Жалал-Абад шаарында жол кырсыгына кабылган судья Элмира Сулайманова мас абалында МАИ кызматкерлерине  кармалып протокол түзүлгөн видеосу, интернетке чыккан. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында бул окуя боюнча протокол түзүлгөн судья сотко кайрылып, протоколду жокко чыгаруусу боюнча кайрылгандыгын депутат Зиядин Жамалдинов айтты.

 Депутат бул карга карганын көзүн чукубайт дегендик дейт.

 ”Эгерде өзү судья алкоголь ичимдигин ичип алып руль башкарып жүрүүсү  жакшы  көрүнүш эмес. Мындан тышкары түзүлгөн протокол туура эмес деп өзүнүн иштеп жаткан сотуна кайрылгандыгы туура эмес.  Ал жерде өзүнүн кесиптеши сот карап, берки МАИ кызматкери тарабынан өтүнүч келтирилип жатат. Бул окуя боюнча башка сотко өткөрүп бергиле деген. Ошол өтүнүчкө карабай ошол жерден карайбыз деп калтырып коюшту. Сот отуруму дагы жылып кетиптир.  “Карга карганын көзүн чокубайт” дегендей өзүнүн чогу иштешип жаткан судья экинчи бир судьяга болушуп жатат.  Сот тартибин бар карап мындай иштерге чекит койбосок болбойт дейт- эл өкүлү.    

Эске салсак, Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманова, 30-декабрда мас абалда унаа башкарып бара жатып, башка унааны сүзүп алган. Анын жанында айдоочулук күбөлүгү жана унаанын техникалык паспорту жок болуп чыккан. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери окуя болгон жерге келгенде, Элмира Сулайманова документтери үйдө калганын айтып, милицияны үйүнө бирге барууга чакырган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *