Депутат: Мектептерде кайрадан ата-энелерден акча чогултула баштаптыр

   Мезгил

Өткөн жылдын соңунда Билим берүү министрлиги мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салуу боюнча бир топ алгылыктуу чараларды көрө баштаган болчу. Тилекке каршы, жаңы жылдан тарта ошол жаман өнөкөт кайра башталыптыр. Азыр ата-энелерден кайрылуулар түшүп жатат. Бул тууралуу депутат Алтынбек Жунус уулу Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Ушу тапта мектептердин жетекчилери окуу жайдын абалы абдан начар деген шылтоо менен, ата-энелерди кыйнап акча чогултуп жатыптыр. Ушинтип арабөк жүрө беребизби? Өкмөт мектептерде акча чогултуу өнөкөтү боюнча өзүнүн так позициясын билдириши керек. Ансыз бул маселенинин биржаңсыл чечилиши кыйын болуп калды», – деп кошумчалады депутат.

Белгилей кетсек, буга чейин Билим берүү министри Каныбек Исаков мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салган мыйзам чыгарган.  

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *