Депутат: “Мындан да кыйын кырдаал келсе кандай болот? Боронов: Кыйын кырдаал келсе кыйын болот

   Мезгил

Учурда Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйыны өтүүдө. Анда депутаттар ар кайсы маселелр боюнча суроолорун өкмөт мүчөлөрүнө узатышууда.  Депутат Жылдыз Мусабекова “эгерде мындан да кыйын абал жарылып калса кандай болот? деген суроону биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго узатты.

-Эгерде кырдаал курчуса, мындан да оор күндөр келсе противогаздар, атайын кийимдер барбы бизде.  Ушул жагын ойлодуңуздарбы азыр маска таба албай жатабыз, мындан да кыйын кырдаал келсе кандай болот?-деди депутат.

Ал эми депутаттын бул суроосуна Боронов “кыйын абал келсе, кыйын эле болот” дейт.

  -Кыйын кырдаал келсе, кыйын эле болот. Чынын айтайын противогаздар боюнча мен жакшы  билем, бизде мурунку кылымдын  80-жылдагы противогаздары өзүнүн мөөнөтүн 3 жолу актагандар кийейин деп кармасаң тытылып кала турган абалда турат азыр. Ага млрддаган акчалар керек. Мамлекет алардын ордун жаңылап коюуга мүмкүнчүлүгү жок-деди Боронов.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *