Депутат Нурбек Алимбеков Агрардык саясат боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды

Мезгил

   Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеӊеш жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасын шайлоо маселеси каралды. Аталган комитет төрагалыгына “Кыргызстан” парламенттик фракциясы тарабынан депутат Нурбек Каарыевич Алимбеков сунушталган.

Бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Нурбек Каарыевич Алимбеков Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагалыгына 95 добуш менен шайланып, Жогорку Кеӊештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Н.Алимбековду комитет төрагалыгына шайланышы менен куттуктап, анын мындан аркы ишине ийгиликтерди каалады.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *