Депутат: Обсервацияда жаткан адамдар жорголоп башка облуска өтүп кетип атат

   Мезгил

Депутат Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңештин бугүнкү кезексиз жыйынында карантин менен обсервацияны бузгандар кандай жазага тартыларын сурады.

-Карантин менен обсервацияны бузгандар боюнча мыйзамда өзгөртүүлөр кирдиби же кирген жокпу. Бизде азыр маселе ошондо турат. Маселенин баары алар кетип калып бүт таркатып жаткандарда болуп жатат. Чет жактан учуп келген же коронавируска шектелген адамдарга врачтар барып жазып “сен үйдө карантинде же обсервацияда  жатып,  ушуну сактап, коомдук жайга, көчөгө чыкпашың керек” деп кол койдуруп кеткендей кийин ал көчөдө жорголоп башка облуска өтүп кетип жаткандарга кандай айыптар болот?- деди депутат.

Депутаттын бул сурроосуна юстиция министри Марат Джаманкулов алар 30 миң сомго чейин айыпка жыгылаарын айтты.

-Эгерде ушундай кишилер талаптарды аткарбаса, бул мыйзам боюнча 1-категориядагы 20-30 миң сомго чейин  айып пул менен жазаланат- деди ал.

   Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *