Депутат Пархат Тулендыбаев гимнди туура ырдаганды үйрөнүүнү убадалады

Мезгил.  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Пархат Тулендыбаев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин туура эмес аткарып алгандыгы үчүн элден расмий түрдө кечирим сурады.

“Гимн – кыргыз элибиздин башкы мамлекеттик символдорунун бири. Анда биздин байыркы тарыхыбыз, эркиндикке болгон мүдөөбүз жана жаркын келечекке карай умтулуубуз туюнтулган. Гимнди эгемен өлкөбүздүн ар бир атуулу билүүгө милдеттүү. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Гимнибизди жаңылыш аткарып алганым үчүн кыргыз элимден башымды ийип кечирим сурайм жана абдан өкүнгөнүмдү билдирем. Ошондой эле Гимнибизди мындан ары кынтыксыз аткарууга милдеттеме алам”, – дейт эл өкүлү.

Депутат Тулендыбаев массалык маалымат каражаттарынын бирине  гимн тууралуу суроодон улам аткарып берген. Бирок,  гимндин ал аткарган “вариантында” кайырмасынын биринчи сабы: “Алгалай бер, кыргыз эл” гана туура болбосо, калганын бурмалап, тушүнүксүз сөздөрдү кошкон.  Бул көпчүлүктүн кыжырын келтирип сынга кабылды. Айрымдар депутатты мандатынан ажыратуу керек дегенге чейин жетишкен.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *