Депутат Руслан Казакбаев: Аманбай Кайыпов контейнерден мектеп куруп туура кылган экен

   Мезгил

  Депутат Руслан Казакбаев Нарын облусунун мурдагы губернатору Аманбай Кайыпов контейнерден мектеп куруп туура кылыптыр, болбосо капиталдык курулуш боюнча алашем иштер ачыкка чыкпай калмак экен деген пикирин айтты.

«Нарындын экс-губернатору Аманбай Кайыпов контейнерден мектеп куруп ырас кылган экен. Болбосо, капиталдык курулуш боюнча алашем иштер ачыкка чыкпай калмак экен. «Жайында кайда барбайлы, жер-жерлердеги тендерден уткан курулуш компаниялары каржы бөлүнбөй жатат деп отурушат. Капиталдык салымдар, курулуш боюнча жыйынтыктуу иш жок. Болбосо, ошол Нарындагы мектептин абалы канча жылдан бери эле маселе болуп келген экен, каржы бөлүнбөй, тизмеге кирбей келген да. Анан айласы кеткен губернатор контейнер мектеп куруп койсо, аны талкуулап атабыз. Бирок, маселе так ушул капиталдык салымдарды бөлгөн жердеги коррупцияда жатат»,-деди эл өкүлү.

Белглией кетсек, Нарындагы Кеңеш айылында контейнер мектеп коомчулукта катуу талкуу жараткан. Мындан улам Билим берүү министри жана өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов кызматтан кол жууган.

 Бизге жеткен маалыматка таянсак, азыркы учурда өлкө аймагында авариялык абалдагы 190 мектептин имараты бар. Бул көйгөйдү чечүү үчүн 13 млрд сомдон ашуун кошумча каражат талап кылынат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *