Депутат: Сосновкада күзөттө чөөдөй болуп форма кийген каракчылар турат

    Мезгил

“Сосновкада күзөттө чөөдөй болуп форма кийген каракчылар турат” мындай пикирин  депутат Калдарбек Баймуратов билдирди.  Ал бул туурасында бүгүн Жогорку Кеңеште ар түрдүү маселелер саатында айтты.

 -Элдин баары Бишкекке келип үрөөн сатып кетишет.  Мына бул Сосновкада үч жерде кетип аткан элден акча алат. Биринчи берки жакта чөөдөй болуп форма кийген каракчылар турат.   Өткөндө мен кетип бара жатканда бирөө жүрөт башында шапкасы, формасы жок жагдайган. Ошол жерден жүк ташып өткөн элдердин баарын токтотуп атат, профилактика катары бирден же болбосо беш алты  унаадан  кийин эмес, катары менен токтотуп атат. Качантан бери бул стационар пост болуп калган.  Бул корантиндик  пост эле го элди кыйнап бүтүштү. Бул нерсе качан токтойт. Өкмөт өзүнө алып токтотпогула деп тыйып койсо боло-деди депутат.  

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *